Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Канатбек Мурзахалилов ээлеген кызматынан бошотулду
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Канатбек Мурзахалилов ээлеген кызматынан бошотулду. Аталган комиссиянын жетекчиси ушул жылдын 5-ноябрында орун басарын кызматтан бошотуу тууралуу президентке сунуштама жасаган. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 16-ноябрда кол койгон.