Ысык-Көл. Экс-президент Роза Отунбаева 240 сааттык окуу программасын түшүндүрүү максатында облустагы бала бакча жана мектептерди кыдырып чыкты

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетовдун билдиргенине караганда, облуста бала бакчага барбаган 6 жаштагы балдарды мектепке даярдоо боюнча иштелип чыккан 240 сааттык окуу программасын түшүндүрүү жана анын кандай деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын байкоо максатында экс-президент Роза Отунбаева эки күндүк иш сапарында Ысык-Көл облусунда жайгашкан бала бакча, мектептерди кыдырып чыкты. Р.Отунбаева 29-ноябрда облустук администрациянын жыйындар залында Каракол шаарындагы жана Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Тоң райондорундагы билим берүү башкармалыгынын башчылары менен жолугушту. Анда экс-президент билим берүү жаатында даярдоо курсуна балдарды тартуу боюнча программа тууралуу кененирээк түшүндүрүп  өттү. Кошумча катары Роза айым өз сөзүндө бала бакча ачуу жана штатты кармап турууга бүгүнкү күндө өкмөттүн алы жетпестигин эскерткенин атоого болот. Ал эми 240 сааттык мектепке даярдоо курсу өлкөнүн учурдагы абалына туура келет. Себеби күнүгө үч сааттан гана окуу жүргүзүлөт экен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан