Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдеште ата мекендик балбандар триумф жаратышты

Бишкекте Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн бел боо күрөшүнүн алыш түрү боюнча Азия чемпиондугунда ата мекендик балбандар жалпы командалык эсепте 1-орунду ээлешти. Балбандарыбыз жалпысынан 18 медалга жетишти. Алардын ичинен 6оосу алтын, 8и күмүш жана 4өө коло медалдар. Мелдештин 2-күнүндө 3 балбаныбыз алтын медалдарга татышты. Алар - Курманбек Хабибулаев (66 килограмм салмакта), Нурбек Кожобеков (80) жана Чыңгыз Аканов (100). Эркектер арасында жалпы командалык эсепте 2-орунду Түркмөнстан (1 күмүш жана 4 коло медаль менен), 3-орунду Өзбекстан ээледи. Ал эми кыз-келиндер арасында өзбекстандык балбан айымдар 4 салмакта тең жеңүүчү аталышты. 27-28-ноябрь күндөрү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн мелдешке дүйнөнүн 8 өлкөсүнөн 80ге жакын спортчу катышканын кошумчалап кетебиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан