"Ошэлектро" ААКсынын кызматкерлери алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылдын февраль айында аталган ААКнын кызматкерлери Кара-Суу райондук сотко электр колдонуучуларынын 31 миллион 884 миң сом карызын төлөтүп берүү үчүн кайрылган. Бирок ИИМдин коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери текшерүү маалында "Ошэлектро" ААКсынын кызматкерлери берген тизмеде мурун эле карызын төлөгөн жана көзү өтүп кеткен жарандардын тизмеси чыккан. Бул иш боюнча учурда Кылмыш кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.