Пайдалуу шарттар: Capstroy KG'нин даяр объектилериндеги батирлерди бөлүп төлөө жана ипотека аркылуу алса болот

Capstroy KG курулуш компаниясы өзүнүн кардарларына пайдалуу шарттарды сунуштоону улантууда жана жеңилдиктер программасын кеңейтүүдө.

«Биздин объектилердеги батирлерди эмгек ишмердигин тастыктай турган кирешеси тууралуу маалымкатты жана документтерди чогултпастан, 3 жылга чейинки мөөнөт менен бөлүп төлөө жолу аркылуу алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берип жатабыз.

Ошо менен бирге, буга чейин бизден кыймылсыз мүлк сатып алган жашоочулар үчүн төгүмдүн суммасы жана турак жайдын чарчы метринин наркы боюнча атайын жеңилдиктер системасы иштеп жатат», - деп билдирди компаниянын башкы директору Талантбек Кенжеев.

Capstroy KG компаниясындагы бөлүп төлөөнүн пайдалуу шарттары:

- тездик: келишимди каттоо үчүн кошумча документтерди топтоо талап кылынбайт жана мындай келишимдер тез аранын ичинде катталат

- экономия: бөлүп төлөөнү каттоодо бардык төлөмдөрдүн толук ачыктыгына кепилдик берилет жана эч кандай жашырылган төлөмдөр, комиссиялар жок

- төлөө мөөнөтү: төгүмдөрдү ай сайын же айрым учурларда жарым жылда бир жолу төлөө мүмкүнчүлүктөрү каралган

«Узагыраак мөөнөт жана келишимге кошумча сумма керек болгон кардарлар үчүн биз ипотеканы сунуштайбыз. Банктар менен болгон кызматташуунун пайдалуу шарттары бизге кардарлар үчүн батирди 15 жылга болсо да ипотекага берүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү берүүдө», - деп белгиледи башкы директор.

Capstroy KG компаниясындагы ипотеканын пайдалуу шарттары:

- каттоо: курулуш компания үчүн банкта ипотекалык насыялоо боюнча өзүнчө менеджер бекитилген, ал тиешелүү документтерди тез аранын ичинде чогултууга жана турак жайды ипотека аркылуу каттаганга жардам берет

- жеңилдетилген шарттар: компаниянын өнөктөштөрү жана банктын айлык акы долбоорлору үчүн пайыздык чендер боюнча атайын шарттар каралган

- ипотеканы жабуу боюнча мөөнөтүнөн мурда айып пулу жок төлөө мүмкүнчүлүктөрү каралган

Толугураак маалымат алуу үчүн 0557 900 600 номерине чалыңыз

Финансы базарындагы туруксуздук абалын эске алуу менен Кыргызстанда батир сатып алуу – бул өтө ыңгайлуу капиталдык салым болуп саналат. Ошентип сиз батирди сатып алуу менен бир гана өзүңүздүн чогулткан каражатыңызды сактап калбастан аны көбөйтүүгө да шарт түзөсүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан