Баткен. Лейлекте Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата "Нөл" акциясы өткөрүлөт

 Баткен облусунун Лейлек районунда 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “ Нөл” акциясы өткөрүлөт. Бул иш-чара Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Т.Ариповдун буйругунун негизинде уюштурулат. Анын алкагында “АИВ инфекциясынын жаңы учурлары нөл”, “Басмырлоо нөл” жана “СПИДдин натыйжасында өлүмдөр нөл” деген ураан менен СПИД жана наркомания проблемаларын чагылдырган видеотасмалар көрсөтүлөт. “Мектептерде жана кесиптик окуу жайларда ВИЧ инфекциясынын алдын алуу боюнча дил баяндар жаздырылат жана атайын бурчтар уюштурулат. Натыйжада бир аз да болсо эл арасында жогорудагы оорулардын алдын алуу тууралуу конкреттүү иш алып барабыз деген ойдобуз”,- деп билдирди Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан