Канат Садыков: "Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны өсүүдө"

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны өсүп жатканын айтты. 2012-жылдын августуна карата мектепте окуу мүмкүнчүлүгү жок 12000 бала бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу: "Алардын көпчүлүгу социалдык кыйынчылыктардан улам барбай калса, айрымдарында мектепке кирүү үчүн тиешелүү документтери жок. Атайын иликтөөлөр Кыргызстанда окубаган балдардын саны жыл сайын өсүп жаткандыгын көрсөттү",- дейт Канат Садыков. Кошумчалай кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2009-жылы 7 жаштан 15 жашка чейинки 29000дей бала мектепте окубай жүргөндүгү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан