Кечээ УКМКнын кызматкерлери тарабынан телефондук террорчулукка айыпталып 1979-жылы туулган Ш.К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. 20-ноябрда түнкү саат 00:00дө белгисиз адам Бишкек ШИИБине чалып, “Манас” аба майданында жарылуучу зат орнотулгандыгын айткан. Алынган маалыматтын негизинде айтылган жайга УКМКнын кызматкерлери менен адис-кинологдору жетип барышкан. Бирок текшерүүдө жарылуучу зат табылган эмес. Жогоруда кармалган адамдын үстүбүздөгү жылдын июль айында Бишкектин 11-кичи районунда жарылуучу зат бар экендигин кабарлаган телефон чалууга да тиешеси бар экени маалым болду. Бул тууралуу УКМКнын Коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдирди. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыш иши козголду.