Сокулук районунда жаңы төрөлгөн ымыркай табылганын Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Чүй облустук ИИБинен маалымдашкандай, ымыркайды 29-ноябрь күнү белгисиз адамдар аталган райондогу үйлөрдүн биринин алдына таштап кетишкен. Медициналык кызматкерлердин текшерүүсүндө бөбөктүн төрөлгөнүнө 2 жума болгону жана ден соолугу чың экендиги аныкталды. Бул иш боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.