"Ар-намыс" фракциясы коалицияда калуу чечимин кабыл алды

Бүгүн "Ар-намыс" фракциясы коалицияда калуу чечимин кабыл алды. Эске салсак, аталган фракциянын айрым депутаттары шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу коалициялык биримдиктен чыгуу тууралуу ойлорун билдиришкен. Андыктан бүгүн ЖКда жабык эшик артында "Ар-намыс" фракциясы коалициядан чыгуу боюнча жыйын өткөрдү. Маалым болгондой, аталган фракциядагы көпчүлүк депутаттар мындай демилгени колдоого алышпай, "Ата Мекен", КСДП жана "Ар-намыс" фракцияларынан турган "Ырыс алды - ынтымак" биримдиги сакталып калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан