БШК Токтайым Үмөталиеванын президенттикке талапкерлигин кабыл алган жок

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

БШК Токтайым Үмөталиеванын президенттикке талапкерлигин кабыл алган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саясат таануучу өзү билдирди.

Маалым болгондой, Үмөталиева арыз берүү үчүн БШКга барганда паспортун унутуп калган.

"Жанымда жалпы жарандык паспортум, айдоочулук күбөлүгүм бар болчу. Бирок, БШК id-карта болушу керек деген шылтоо менен арызымды кабыл албай койду. Мен БШКнын бул аракеттерин мага карата тоскоолдук катары баалайм. Анткени аты-жөнүмдү тастыктаган башка документтер менен арызды кабыл алууга болот. Борбордук шайлоо комиссиясындагы бир нече мыйзам бузууларды байкадым. Бул боюнча өзүнчө билдирүү жасайм. Бүгүн кечке чейин паспортумду алып барып, кайрадан арызымды тапшырам", - деди Үмөталиева.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Соорокулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Кубанычбек Касенов, Садык Шер-Нияз, Элеонора Турдубекова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттикке ат салышуудан баш тартканы белгилүү болду.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurbek56
2020-11-12 14:00:59
чо то мен да документеримди тапшырат окшойм элдин баары эле президент болгусу келген окшойт татыктуу киши бир гана Садыр Жапаров калганын убара болбо
+16
Bekulas
2020-11-12 14:44:09
Жонокой справка алыш учунда id карта керек. Сен деген президеттикке талапкерлигинди койуп жатамынго...
+9
Bekulas
2020-11-12 14:45:03
жатасынго...
+6
Aguwa
2020-11-12 14:56:27
Ушуларга тушунбойсун, чындап эле оздорун президенттик шайлоодо женип чыгам деп ойлошобу же эптеп эле атын чыгармайбы? Озу негизги 2 талапкердин бироосу эле отот, ал да болсо Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров. Калгандары убара болбой деле койсо болмок, бекер эле ашыкча чыгымга учурабай. "Атын чыкпаса жер ортто" дегенден болуп атышат булар
+7
muku.85
2020-11-12 15:45:39
Жон эле биринчи орун менен бара тургандай коркутатко.Эч тажабады ушу отпошун билип туруп койо берет.
+3
NURSAPAR
2020-11-12 15:49:40
Азыр баардык жерде паспорт керек. Мээ иштейби? Айдоочулук күбөлүк менен да барабы? Ушул сен президент болсоң ошондой закүн чыгар.
+7
Chungyz
2020-11-12 16:23:35
Башынан паспортуну унутсан эртен элди деле унунтат
+6
ulaAjidar
2020-11-12 16:36:38
Жонокой эле банкка барып,акча алайын десен айдоочу куболук менен бербейт..Бул айымга жолболсун
+7
Kubatbek1974
2020-11-12 20:00:32
Кыргызымдын жарымы эле өзүн президенттике татыктуумун деп ойлойт окшойт э, бул жерде экөө эле бар татыктуу, калганың акчаңар жок болсо, бригадирлике да жарабайсыңар.
+2
Rusi79
2020-11-12 22:02:52
Жанымда жиндиканадан айыгып чыкты деген справкам бар ошо кагаз менен президентик шайлоого катышканга арызымды тапшыра берейинби же аттестат керекпи?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан