ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жолдорунун тизмесин жарыялап, шашылыш эскертүү жасады

ӨКМ Кыргызстандын аймагындагы унаа жолдор боюнча шашылыш эскертет. Акыркы күндөрү жааган карга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана башка тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдордо муз тоңуп, тайгак болгондуктан, ӨКМ айдоочулардан машина айдоодо 500 метр аралыкты сактоону өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан