Феликс Кулов "Ар-намыс" фракциясы тууралуу туура эмес маалымат тараткан депутатты кечирим суроого мажбур кылмакчы

 “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов фракциясы жөнүндө калп маалымат тараткан депутатты кечирим суроого мажбурламакчы. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттерге билдирди. “Конституция боюнча ар бир эл өкүлү өз оюн эркин айта алат. Бирок башка фракциянын өкүлдөрүнүн бири "Ар-намыс" фракциясына коалициялык көпчүлүктөн чыгуусу үчүн акча сунушташты" деп айткан. Мен ошол эл өкүлү менен сүйлөшөм жана аны элдин көзүнчө кечирим суроого мажбур кылам. Себеби андай кеп болгон эмес жана болбойт дагы”,- деди Ф.Кулов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан