Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны боюнча Ош жана Жалал-Абад облусу алдынкы орундарда турат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Ушул жылдын 1-ноябрына карата өлкө боюнча 61 миң 349 жумушсуз адам катталган. Алардын 12 876сы Ош облусунда болсо, 12 миң 627си Жалал-Абад облусунда катталып, аталган облустар жумушсуз адамдардын саны боюнча алдынкы орунга чыгышкан. Кыргызстандын калган аймактары боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө: Бишкек шаары - 9068, Нарын облусу - 6507, Чүй облусу - 5999, Баткен облусу - 5615, Ысык-Көл облусу - 4091. Ал эми эң аз жумушсуз калктын саны Ош (2456) жана Талас шаарында (2110) экени аныкталды. Улуттук статистикалык комитеттен белгилешкендей, акыркы 10 айда өлкө боюнча жумушсуз калктын саны 0,9%га кыскарды.