Нарын. "Теңдеш" коомдук уюму "Cекс кызматында алектенгендерди криминализациялаштыруу" мыйзам долбооруна каршы экендигин билдиришти

2012-жылдын 28-сентябрында Жогорку Кеңеште “Секс кызматы менен алектенгендерди жоопко тартуу, жаза колдонуу” деген мыйзам долбоору кароого коюлган. Бул мыйзам долбоорунун ишке ашышына каршы экендиктерин билдирип, Нарындын “Теңдеш” коомдук уюму Жогорку Кеңешке кат жолдоду. Кайрылуунун мазмунунда “Теңдеш” коомдук уюму аялдарга карата жасалуучу зордук-зомбулукка каршы күрөшүү багытында иш алып баргандыктан, секс кызматында алектенген айымдар жашоо-турмуштун айынан бул жолго барып жатышкандыктан, бул мыйзам долбооруна каршы экендиктерин билдиришкен. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда секс кызматкерлер көмүскөдө иштей башташат. Натыйжада, ВИЧ, СПИД, БППП дарттары менен ооругандардын саны көбөйөт. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеште кабыл алынган “Секс кызматы менен алектенгендерди криминализациялаштыруу” мыйзам долбоорунда административдик жаза 1000 сом, эгерде экинчи жолу кармалса 15 күн кармоо, үчүнчү жолу кайталанса 1 жылга чейин жазага тартуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан