Ош. Облустук драма театрда Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата кайрымдуулук концерт өтөт
3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата ошол күнү Ош шаардык жаштар иштери
боюнча комитети жана “Лидерлер-5” окуу долбоорунун катышуучуларынын уюштуруусу
менен Ош облустук улуттук драма театрында “Балдардын жаркын келечеги үчүн” аттуу кайрымдуулук
концерт өткөрүлөт. Концерттен түшкөн каражат Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү
чектелген балдар үйлөрүнө берилет.