Фотоальбом: Актриса Альбина Имашованын бала чагын, студенттик күндөрүн, чыгармачылык жолун жана үй-бүлөдөгү бактысын сүрөттөр баяндайт

SUPER. KG порталынын "Фотоальбом" рубрикасы бул жолу актриса Альбина Имашованын сүрөттөрүн сунуштайт. Актрисанын балалык чагынан тартып, чыгармачылык чөйрөсүндөгү, үй-бүлөдөгү жана азыркы учурга чейинки сүрөттөрү менен таанышабыз.

Альбина Имашова 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы. Кыргыз тасмаларынын көркүн ачкан актриса тасмаларда мыкты ролдорду жаратып, бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

Актриса Альбина Имашова тартылган тасмалар: "Беш кемпир", "Той", "Тенгри", "Көпөлөк", "Мегатой", "Баарын кайрадан баштайлы", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Такебай", "Мегатой 2" жана башка тасмаларда ролдорду жаратып келген.

Актриса 4 жашында, бала бакчадагы кези
Актрисанын Кара-Коо айылындагы Карл Маркс атындагы мектептеги 1-класс кези.

6-10-класстагы окуучулук жылдары


Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинен

Үй-бүлөдө бир туугандардын улуусу Альбина Имашова ата-энеси жана бир тууган иниси менен


Кыргыз ССР эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 80 жылдык юбилейинде Альбина Имашова 1-жолу сахнага чыккан.

Чыптамачан актриса "Тенгри" тасмасында биринчи жолу роль жараткан

Эң биринчи сыйлык. "Эң мыкты аялдын образы үчүн"

Эң жакын кесиптеши жана өмүрлүк жолдошу Арнис Кыдырмышев менен кыз-жигит болуп жүргөн кездери

Бойлору төп келбесе да, ойлору төп келген түгөйлөрдүн турмуш жолундагы үй-бүлөлүк сүрөттөрүнөн

Үйдө да, жумушта да, кээде тасмаларга да чогуу тартылган жубайлар ушул жылдын 10-июнунда үчүнчү ирет ата-эне статусун алышты
"Сахнага чыкканда ичибизден от күйүп, баарын унутуп калабыз" деген актриса сахналаштары менен

Альбина Имашова 2018-2019-жылдары "Жылдын супер актрисасы" наамын жеңип келген
"Роль жаратуу мен үчүн ары түйшүктүү, ары кубанычтуу айтып бүткүс жан дүйнөмдөгү маанилүү бир күч", - деп билдирди актриса сүйүктүү кесиби тууралуу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rusi79
2020-11-27 01:42:21
Сонун актриса да чыныгы талант.
+8
AdylbekB84
2020-11-27 01:57:30
Тоңдун кызы экенда, мен чын эле Токтогулданбы деп жүргөм! Жалал- Абадка карабайт Токтогул өзүнчө Жалал- Абад өзүнчө шаар деп кинодогу эле ролу турбайбы! Жакшы актриса!
+7
Ozgocho111
2020-11-27 07:45:16
Эн сонун уй було!
+7
Peri9292
2020-11-27 14:18:58
Жакшы бактылуу болушсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан