3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата аталган күнү Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында “Биз жашоону өзгөртөбүз!” аттуу семинар өтөт. Семинарды Миң-Булак айылындагы жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүүчү “Ардак ордо” коомдук фонду уюштуруп жатат. Бул иш-чарага ММКлардын өкүлдөрү, облустук администрациядан жана башка уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.