Талас. "Ата Мекен" партиясы добуштарды кайра саноону талап кылууда

КРнын БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, күн сайын өлкөнүн төрт тарабынан “мүшөктөгөн” доо арыздары келип түшүүдө. Эл арасындагы сөздөр боюнча кээ бир жерлерде жергиликтүү акимдер жаңы шайланган депутаттарга өз алдынча мандат тапшырып башташканы да айтылууда. Алсак, Талас шаардык кеңешине өткөн шайлоо боюнча “Ата Мекен” партиясы аймактык шайлоо комиссиясынан урнаны ачып, добуштарды кайрадан санап чыгуу талабын көтөрдү. Бирок Талас облусунун аймактык шайлоо комиссиясы урналарды ачпоо чечимин кабыл алды. БШКнын ою боюнча урнаны ачып, добуштарды кайра саноо керек. "Бирок бул жерде бардык республика боюнча мындай талап жайылып кетүү коркунучу бар”,- деп билдирет Т.Абдраимов. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан