Буга чейин режиссёр Руслан Машраповдун кыргыз тасмасына корей актёру Ли Мин Хону тартуу үчүн Түштүк Кореяга сапар тартканын жазганбыз. Орусиялык абройлуу маалымат агенттиктеринин бири аталган тасмага Ли Мин Ходон тышкары "Бригада" сериалы аркылуу таанылган орусиялык актёр Сергей Безруков да тартыларын жазып чыкты. Тасма адамдарды уурдап, органдарын сатуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ жөнүндө болору маалым болду. Болочок тасманын аты – “Мен - бул сен”.