Эртең Бишкектин айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААКсынан билдиришти. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү саат 00:00дөн 5:00гө чейин Пишпекте, Үметалиев, Лев Толстой, Рыскулов жана Интергельпо көчөлөрүндө электр энергиясын берүү токтотулат.