Орусиянын президентинин кеңешчиси: "Кыргызстан Бажы биримдигине 2 жылдан кийин кирет"

Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) 2 жылдан кийин кирип бүтөт. Бул тууралуу Орусиянын президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев абройлуу орусиялык маалымат-агенттиктеринин бирине билдирди. Кеңешчинин айтымында, адистердин божомолдору боюнча Кыргызстандын Бажы союзуна кириши республиканын экономикасынын өсүү темптерин 1,5 эсеге жогорулатат. С.Глазьев Казакстан менен Беларусту мисал келтирип, өткөн жылы аталган 2 өлкөнүн соода мамилелеринин өскөнү байкалганын айтты. Ошондой эле С.Глазьев Кыргызстанды кошулууну күтүп отура бербей, ББнын техникалык регламентин түзүүгө активдүү катышууга чакырды. Эске салсак, ББ 2010-жылы Орусия, Беларусь жана Казакстан Бажы кодексине кол койгондон бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 2012-жылы ББны түптөгөн өлкөлөр Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти (БЭМ) түзүштү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан