Ж.Сатыбалдиев Жогорку аттестациялык комиссиясын 20 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку аттестациялык комиссияны 20 жылдык мааракеси менен куттуктады. "Өкмөттүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын жалпы жамаатын жана өлкөбүздүн бардык илимпоздорун бүгүнкү 20 жылдык мааракеңиздер менен чын дилимден куттуктайм! “Илим деген ийне менен кудук казуу сыяктуу” деп айтылган акылман түшүнүктү эске ала турган болсок, учурдагы бул тармактагы зор жетишкендиктер жана ийгиликтер оңой эле жарала калбагандыгы анык. Сиздер 20 жыл ичинде республикабызда жана андан сырткары мамлекеттерде корголгон 3921 диссертациялык иштерди аттестациялап жана бекитип, изденүүчүлөргө илимдин доктору жана кандидаты деген окумуштуулук даражаларын ыйгардыңыздар. Жогорку аттестациялык комиссиянын жамааты жана жалпы эле илимпоздор өздөрүнүн жаңы илимий ачылыштары жана ойлоп табуучулук табылгалары менен өлкөбүздүн илимий жетишкендиктерине өз салымдарын кошо беришет деп ишенем. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!”- деп жазылат премьер-министрдин куттуктоо текстинде. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан