Ноокатта 6 жашар кызды зордуктаган 31 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Ош облусунун Ноокат районунда 6 жаштагы кызды зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Жарыяланган маалыматка ылайык, үрөйдү учурган окуя ушул жылдын 5-август күнү болгон. Анда Ноокат районунун Кашкалдак айылынын 1989-жылы туулган тургуну мас абалда короодо ойноп жүргөн 6 жашар кызды үйдө эч ким жок учурдан пайдаланып, бакка алып барып зордуктаган.

Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна албай...

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес. Анын айтымында, 4-август күнү саат 11:00 чамасында аталган райондун Атамерек айылындагы үйүнөн чыгып, базарга барып ичимдик ичкен. Андан кийин мурдагы таанышынын үйүнө барып, ойноп жаткан балдардын арасынан таанышынын кызын көргөн. Ал башка бир таанышынын үйүнө жеткирип коюуну айткан. Экөө кетип бара жатканда кыз жыгылып, аны тургузууга аракет жасап жатканда кыздын чоң атасы келип калып, башка таш менен чаап, милиция кызматкерлерин чакыртышкан. Окуя болгон жердеги кандар анын башынан аккан кандар экенин айтып, көрсөтмө берген.

Кыздын ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн

6 жашар кыздын ата-энеси турмуш шартына байланыштуу февраль айында Орусияга иштегени кетишкен. Ошондуктан чоң атасы мыйзамдуу өкүлү болгон. Окуя болгон күнү чоң ата, чоң апа Ноокат шаарындагы базарга келишкен. Ошол учурда аларга кошунасы телефон чалып, небереси үйдө жок экенин айткан. Ошол замат үйгө келип кызды издей башташкан. Бир кезде кыз бак тараптан ыйлап, кыйналып басып келген. Эмне болду деп сураган кезде бир бала бакта ага тийишкенин айтып берген. Алар ал баланы таап эмне кылганын сураганда мас абалда бир топ сөздөрдү айтып качканга аракет кылган. Андан соң кыздын чоң-ата, чоң-энеси милиция кызматкерлерине кайрылышкан.

Өкүм

Тергөө органы тарабынан жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында кыздын зордукталгандыгы, кыздык белгиси айрылганы, денесиндеги жарааттар окуя болгон учурга дал келгенин көрсөткөн. Ошондой эле соттук-биологиялык экспертиза дагы дайындалып, анда жабырлануучу кыздын шымынан кан жана эркектик урук табылган.

Ал эми айыпталуучуга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, ал кылмыш жасаган учурунда “акыл-ээси соо” экендиги аныкталган. Жыйынтыгында, Ноокат райондук соту айыпталуучуну 164-беренеси - "зордуктоо" менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Take.77
2020-12-18 19:13:08
Турмодо энесин корот экен эми. Калган ишинен бушайман жейт
+9
nazarnew
2020-12-18 19:52:57
Гей, педик, ушундай тварьларды и бандит, криминал, бюджеттен акча уурдагандарды оптом аттырып салыш керек өзү
+7
nazira...
2020-12-18 20:30:40
Рас болуптур. Башкалврга сабак болуп тыягын тыйып калышсын. Катыны бар туруп кызындай кыздарга коз артып, зордуктагандарга да жвза беришсин эми.
+7
Semiz-kol
2020-12-18 20:46:25
Аны өмүр бою багып олтурбай олтуруп эле салбайбы
+4
Raihan0602
2020-12-18 21:25:43
Semiz-kol,кыйналып өлсүн түрмөдө аяп коюшпаса керек
+2
Aidan_Ek
2020-12-18 21:47:04
Ээ Аллахым, кыздарыбызды озун корго зоокурлордон. Баарыбыз сага аманатпыз.
+4
Rakyl12
2020-12-18 22:00:41
Ошонусунан асып коюш керек бакка муну омурбою бакпай.
+2
Nina.alex
2020-12-18 22:18:08
Бычып да койсо болмок эч кимге айтпай эле врачтар
+1
Dilnaz.1990
2020-12-18 22:18:14
Кудайым окуп буткучо денемен тер чыгып кети ,байкуш кыз мындан ары турмушунда дайым жакшылыктар болсо экен Оо алаах озун биличуусу бакыт ушул кыз бакыт мен балалыгы менен унута калсын ушул иш
+3
nurik73
2020-12-18 22:25:59
Негизи олум жазасы киргизилиш керек жана мектептен баштап мыйзам эмне экенин окутуш керек. Азыр тарбия вообще журбой калды. Укук коргоочулар педиктердин гана укугун коргойт. Мыйзам кучтуу болсо педиктер сестенишет эле.
+3
Omyke
2020-12-18 22:27:46
Атып эле салыш керек мындайды Адам аттан айлангыр Ангини.
+1
chyi-talaa
2020-12-19 00:25:14
Ушул окшогон акмактарга олум жазасын киргизиш керек, Антпесе кунуго ушул окшогон жанылык.Бир экоосун элдин алдына алып чыгып атып салышса
+1
-Sumitra-
2020-12-19 00:58:47
Уфф окуп буткучо ыйлап жибердим(((
+3
Apakbala
2020-12-19 04:26:17
6 жаш бул эмне деген айланайын?! Бул педяны атып салыш керек!
+1
CHingiz90
2020-12-19 07:50:23
Корупцияга өлүп жазасын киргизбесе да ушул бачабаздарга өлүм жазасын киргизиш керек
+2
Akyl78.1501
2020-12-19 17:01:12
Бирөөнүн жаш кызын булгагандан көрө өзүңдүн бир тууган эжеңди карындашыңды апаңды кылбайт белең.Эми түрмөдө өмүр бою келин болосун ар пайшанба туулган күнүң болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан