Жалал-Абад. Майыптардын эл аралык күнүнө карата материалдык жардамдар көрсөтүлдү

Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Торомаматов 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө карата материалдык колдоо көрсөтүү максатында өзүнүн резервдик фондунан 50 000 сом акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирет.  Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы көзү азиздер жана кулагы дүлөйлөр фондуна окуу өндүрүштүк мекемесине 20 000 сом, Жалал-Абад шаарында жайгашкан балдардын психоневрологиялык жатак үйүнө 10 000 сом, Жалал-Абаддагы “Каакым” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 5000 сом, Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы көмөкчү мектеп интернатына 15 000 сом бөлүнүп берилди. Ж.Торомаматов облус аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарды ар тараптан колдоого алууга жана алар менен  жакындан кызматташууга дайыма даяр экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан