Бүгүн БШКда Чүй облусунун Чүй жана Москва, Талас шаардык аймактык, Ош облусунун Кара-Суу аймактык комиссияларынын шайлоо бюллетендерин кайрадан саналып чыгуу маселели каралмак. Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аталган төрт аймактык шайлоо комиссиясында бюллетендерди кайрадан санап чыгуу маселесин башка күнү карап чыгат. Мындай чечимди БШКнын мүчөлөрү колдоого алышты. Бирок кайсы датада каралары айтылган жок.