Спорт Ордосунда өтүп жаткан жыйында Нарын облусунун өкүлдөрү камакка алынган Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду камактан чыгаруу талабын коюшту. Аталган облустан келгендердин айтымында, буга чейин бийликте тургандардан Нариман Түлеевден башка эч ким Нарын облусуна жардам берген эмес.