Оппозициянын мүчөлөрү Камчыбек Ташиевди "кыргызча сүйлө" дегени үчүн кармалганын айтышууда

Ушул тапта Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан оппозициянын жыйынында оппозиция мүчөлөрү Камчыбек Ташиевди "кыргызча сүйлө" дегени үчүн кармалганын айтышууда. Ошондой эле чогулгандар Талант Мамытов митингге жөн эле катышканы үчүн кармалганын кошумчалашты. Эске салсак, 3-октябрдагы митингде К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытов УКМК тарабынан бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкандыктары үчүн жана административдик мыйзамды бузганы үчүн камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан