Бокс боюнча Литва жана Армения курама командалары Дүйнө чемпиондугуна даярдыкты Кыргызстанда өткөрүүдө

Бокс боюнча Литва жана Армения курама командалары жакында Алматыда башталчу Дүйнө чемпиондугуна акыркы даярдыктарды Кыргызстанда өткөрүүдө. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирет. Литва командасынын курамында 7 киши: 4 спортчу, 2 машыктыруучу жана массажчы менен келген. Команданын ичинен эң күчтүү мушкер Эвалдас Петраускас (60 килограмм салмакта) 2012-жылы Лондон Олимпиадасында коло медаль жеңген. Ал эми Армениядан 6 мушкер, 2 машыктыруучу жана дарыгери  менен 9 кишиден турган курама команда келди. Армениялык боксчулардын бардыгы Дүйнө чемпиондугуна биринчи ирет катышат экен. Эске салсак, бокс боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпиондугу Казакстандын Алматы шаарында 11-октябрда башталып 27-октябрда жыйынтыкталат. Учурда бардык курама командалар Дүйнө чемпиондугуна кызуу даярдыктарды көрүүдө.             

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jek87_87
2013-10-04 18:23:35
Кыргызстандын мушкерлери катарга качан кошулат болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан