Кичи футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарына даярданууда. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдирет. Курама команда 4-11-октябрь аралыгында “Дордой” спорттук комплексинде Нуржан Жетибаевдин кол астында машыгып, 12-октябрь күнү Казакстандын Караганды шаарына машыгуу сборуна кетишет. Курама команда Казакстан келип Кант шаарында акыркы машыгууларды өткөрүп, анан Ташкентте 5-7-ноябрда өтүүчү Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарына катышат. Эске салсак, Кыргызстан “А” тайпасында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан командалары менен беттешет.