Бүгүн Бишкекте өткөн оппозициянын жыйынында "Эл үнү" оппозициялык кыймылы түзүлдү

Бүгүн Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда оппозициянын мүчөлөрү биригүү тууралуу жыйын өткөрүштү. Мүчөлөр жыйындын башталышында "Эл үнү" оппозициялык кыймылын түзүү боюнча чечим кабыл алышып, резолюция сунушташкан. Резолюцияда мамлекет башчынын дарегине карата бир топ талаптар жазылган. Алардын бири камакка алынган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Нариман Түлеев жана Талант Мамытовду 5-декабрга чейин камактан бошотуу талабы. Бүгүн 23 саясий партиясы, укук коргоочулар жана элдик кыймылдар кирген "Эл үнү" оппозициялык кыймылы мамлекет жетекчилерине коюлган талаптардын резолюциясын кабыл алышты. Оппозициянын жыйына чогулган мүчөлөр кайрадан 21-декабрда чогулушат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан