Бишкекте мурдагы милиция кызматкери Эрлан Искендеровдун элесине арналган футбол мелдеши аяктады

Бишкекте кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан каза тапкан милиция кызматкери Эрлан Искендеровдун жаркын элесине арналган футбол мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Мелдеш кылмыш иликтөө бөлүмүнүн түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына карата өтүп, анда ИИМдин кызматкерлеринен турган 9 команда ат салышты. Финалдык оюндарда Кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгы менен Свердлов РИИБинин кызматкерлери таймашып, 3:2 эсебинде биринчи аталган команда жеңүүчү болду. Ал эми 3-орунду Чүй ОИИБинин кызматкерлери алды. Мелдеш соңунда мыкты оюнчулар аныкталып, анда: “Мыкты дарбазачы” деп Азамат Ногойбаев (Кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгы), “Мыкты коргоочу” Улан Керимкулов (Чүй ОИИБ), “Мыкты жарым коргоочу” Болот Махаев (Свердлов РИИБ) жана “Мыкты чабуулчу” болуп Эрлан Исмаилов (Свердлов РИИБ) табылды. Эске салсак, Эрлан Искендеров 2007-жылдын 16-апрелинде кылмышкерди кармоо учурунда каза тапкан.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан