Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев 7-13-октябрь аралыгында Казакстандын Чымкент шаарында байге фонду 10 миң Америка доллары болгон Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет. Мелдеште 11 өлкөдөн 40 теннисчи ат салышат. Кыргызстандык теннисчи оюнду мелдештин негизги бөлүгүнөн баштайт.