Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкер коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен 2 кызматкер кызыл зонадан жуктуруп алган.
Бишкек – 5 (2 кызыл зона);
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2.
Ал эми бир суткада стационардан – 1, үй карантининен - 4 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 4158, алардын ичинен 4055 медкызматкер сакайды.