5-октябрь күнү Москвадагы “Олимпийский” стадионунда бокс боюнча быйылкы жылдагы эң ири беттеш орун алды. Учурдагы супер оор салмакта теңдешсиз болуп келе жаткан украиналык Владимир Кличко менен буга чейин жеңилүү ызасын тарта элек орусиялык Александр Поветкин беттешти. Беттеш 12 раундга созулуп, жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен (119:104 упай менен) Владимир Кличко жеңүүчү аталды. Ал эми Александр Поветкинге Кыргызстандагы машыгуусу да жардам бере алган жок. Айрым кыргызстандыктар Александр Поветкинди Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусуна улутчул мүнөздөгү жазуусу бар футболка менен киргенинен улам жек көрүп калганы бар. Айрымдар ал жазуу эч кандай улутчулдукту билгизбейт деп айтышкан. Бирок Кличко менен беттешер алдында Поветкин “Биз аталардан калган жерде жашайбыз” деген улутчулдук маанайдагы саптарды ичине камтыган ыр менен рингге чыкты.
Ал эми беттештин өзүнө келсек, таймаш толугу менен Владимир Кличконун көзөмөлүндө болду. Кличко беттешти өтө этияттык менен жүргүзүп, сокку узатып, тийбей калса Поветкинди чаптырбай кучактап кармап калып жатты. Кличконун бул жоругу орусиялык күйөрмандардын кыжырын келтирди. Ошентсе да Владимир Кличко беттеште өзү каалаган жыйынтыкка жетти. Таймашка чейин Кличко: “Поветкин күчтүү мушкер, бирок бул беттешти мен мөөнөтүнөн мурда бүтүрүшүм керек”,- деп айткан. Беттештен кийин болсо: “Бул беттеш мен үчүн оңой болгон жок. Поветкинге бир нече жолу катуу соккуларды узатсам да туруштук берди. Поветкин эр жүрөк экенин көрсөттү”,- деди. Ал эми Поветкин: “Менин беттешке болгон планым ишке ашпай калды. Баары мен ойлогондон башкача болуп кетти”,- деп жеңилүүсүн моюнга алды.