Белгилүү машыктыруучу Витайлий Филлиповскийдин 70 жылдыгына карата өткөрүлгөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстан 4 алтын медалга ээ болду. Мелдешке 1992-1994-жылдары туулган Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Орусиянын жаш балбандары катышты. Кыргызстандын атынан катышкан Замир Дунканаев (50 килограммга чейинки салмакта), Өскөнбай Абдупатаев (55), Эсен Асанов (74) жана Бексултан Махмудов (120) жеңишке жетишип, алтын медалдарды тагынышты.