Ысык-Көлдө шахмат боюнча Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлдү

5-6-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында шахматтын тез ойнолуучу түрү боюнча жаштар жана чоңдор арасында республиканын биринчилиги болуп өттү. Ысык-Көл районунун шахмат федерациясынын ачылышына карата уюшулган мелдеште 50гө жакын катышуучу чемпиондук үчүн күч сынашты. Мелдеш чоңдор жана жаштар арасында өткөрүлүп, республиканын түрдүү аймактарынан келип катышышты. 

Тез ойнолуучу шахматтын классикалык шахматтан айырмасы бар. Тез ойнолуучу шахматта ар бир катышуучуга 25 мүнөттөн убакыт берилет. Бир оюнчу мелдеш алкагында жалпысынын 11 оюн өткөрүп, топтогон упайдын негизинде чемпиондукка ат салышат. Жыйынтыгында жаштар жана өспүрүмдөр арасында 1-орунду Арзыбек Съездбеков ээлеп, диплом, алтын медаль жана 2000 сом акчалай сыйлыкка татыды. 2-орунду Нарындан келген Алтай Акматов ээлеп, 1000 сом акчалай сыйлык алды. 3-орунга коюлган 1000 сом жана башка сыйлыктар нарындык Канат уулу Эдилге буюрду. 

Ал эми чоңдор арасында алтын медалды жана 1-орунга коюлган 9000 сом акчалай сыйлыкты Тилек Такырбашев, 2-орунду Майрамбек Жусупов утуп, 7000 сом байге алды. 3-орунду Ислам Байсынов утту. Мелдештин уюштуруу демилгесинин ээси 3000 сом сыйлык алып, ага кошумча коло медаль жана диплом менен сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан