"Буларга ызы-чуу гана керек". Самара Каримова окуу жайдын директорлугунан баш тартарын айтты

2 күндөн бери Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жанында ырчы Самара Каримованын директор болуп дайындалышына каршы акция өтүп жатат.

Нааразычылыктарга карата Самара Каримова билдирүү жасап, окуу жайдын директорлугунан баш тартарын айтты.

"Акыркы күндөрү мага жана менин атыма байланышкан бир канча окуяларга күбө болдуңуздар. Мындан эки жыл мурда мыйзамдуу дайындалган кызматымдан укугум одоно бузулуп, шагым катуу сынган. Бул менин намысым, ден соолугум жана жакындарым үчүн өтө катуу муш болгон. Ошол укугумду коргоп, канча убакыт соттошуп дайындалган ишиме кайтып барып, эл-жериме, кыргыз маданиятына ак дилимден кызмат кылгым келген. Кудайга шүгүр, сотто жеңип чыгып чындык мен тарапта экенин далилдедим. Кудай алдында, мыйзам алдында ак экенимди далилдедим.

Кызматыма кайрадан киришип музыкалык окуу жайды аз убакытта өнүктүрүп-өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду. Аларды адилеттүү башчы, ак кызмат өтөгөн ишмер болууга убада берип, ынандырууга аракет кылдым. Мурунку директордун 100 түрлүү сүйлөгөнү, кубулганы, 5-6 адамдын басымы менен эмгек жамаатта "аба ырайы" өзгөрүп турат экен. Ойлонуп көрсөм, булар өнүгүүнү каалабайт экен. Ушул жашоосуна, күнү өтүп жатканына ыраазы экен. Сыртта 21-кылым экени ойлонтуп дагы койбойт. "Болбогонго болушпа" дегендей, ушуларга кетире турган кайран күчүм, идеям, дараметим дедим. Жашоодо мен көп сыноолорду жон-терим менен сезип, тике карап жеңип келгем. Бул көрүнүштү да Аллахым берген дагы бир сыноо дедим. "Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат". Жашоо улана берет. Чалындым, бирок жыгылган жокмун!

Жумушумду баштап, элибизге мыкты жыйынтыкты көрсөтөм деп позициямда катуу турдум. Бирок, мунумду көпчүлүк түшүнө албады. Мурунку директордун жакындары тааныш журналисттерине тынбай чалып, чакырып, "келгиле, Самара дагы келди, интервью алгыла" деп жаткандарын өз көзүм менен көрүп турдум.
Анын үстүнө, батыштын акчасын жеген журналисттер күнү-түнү ошол жатаканада жашап эле калышты. Окуяны бир тараптуу чагылдырып жатышты. Провокация кылып, тукуруп, алардын боё сезимдерин пайдаланышты. Ошол эле журналисттерге канча жетишкендеримди, Кремлде,Ташкентте дүңгүрөтүп жеке концерт бергенимде, жалынып, суранып да ийгиликтеримди маалымат катары чыгара алган эмесмин.

Буларга ызы-чуу гана керек. Окуу жайдын келечегин, өнүгүүсүн, студенттердин, мугалимдердин тагдырын "уруп" да ойнобойт. Эртең мен кетсем, карап турсаңыздар, кадам басып койбойт ал жерге.
Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санаалаштар менен кеңешип, чечим кабыл алдым - мен окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартам.
Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм.

Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем. Ошол оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм. Мыйзамды сыйлаган айрым таза адамдар да мен үчүн катуу сындарды, ачуу кептерди угуп калышты. Алардан да чын жүрөктөн кечирим сурайм. Пенде болгон соң ак-кара ортосунда жүрөт экенбиз. Билип-билбей кылган күнөөм үчүн Жараткандан да кечирим сурайм.
Менин ар намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эл-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем.
Мени колдоп, жылуу пикир айткан замандаштарыма, күйөрмандарыма элибиз сыйлаган аттуу-баштуу ага-эжелериме терең ыраазымын. Сиздерден Алла ыраазы болсун".

Президенттердин ант берүү аземдерине канча каражат сарпталган?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Azat-123
2021-01-22 15:06:23
Душкага окшоп креслого бир урунуп көрөйнчү депсиңда э карындаш
+18
Gulina90
2021-01-22 15:15:42
Иши кылып башка жагына барып жетекчи болом деп давление кылба да,ырдап журо бер кадырынды кетирип алдында шордуу квз.Сыноону сен озун сурап алып атасында ар жерге жетекчи болом деп.
+11
Haanykeim
2021-01-22 15:19:27
Кайсы бирине ишенели мурунку директор бир сүйлөсө жамандабайм деп бул Самара жамандап ийдиго аны.Чырыңар ушул м.н бүтсүнчү сураныч.Тынч эле болгулачы жүгүргөндүкү эмес буйругандыкы дейт.Бул мансап дагы бир адамдын башында турса керек.
+5
Snare
2021-01-22 15:28:49
Сага эле ким батасын бере каласын сутунер.
+16
almanbetperm
2021-01-22 16:17:08
Snare,кайнененин камырынан дегин))))
Сутенёр экени айдан ачык
+15
Nuuman
2021-01-22 15:34:25
Самара, жакшысы өзүн инвестор таап 100 дой студент окуган музыкалык окуу жайы ач. Анан конкурстардан студенттерин алдыда болсо, анда жакшы.
+9
Apakbala
2021-01-22 15:52:34
Эми туугандар Новиков деген советник министр экономики болгондо тополону жок эле отурдунар! Анан эми кыргыздын бир кызы кичинекей бир училищага директор болсо баарын ошону эле коруп калдынар. Эми мынтип премьер кылып отурабыз баарыбыз бир ооздон колдой калып. Кичине ойлонолуда!
-21
Mustafo
2021-01-22 15:54:00
2 жыл мурда шагың сынса , эми шагыңы майдалап түбү менен жок кылып алдыңго.
+20
Mustafo
2021-01-22 16:02:26
Кашыктап жыйнаган абийриңди чакалап төгүп алдың Самаш , ишенбесең жакында концерт кой мурдагы күйөрмандарыңын жарымын таппайсың.
+22
almanbetperm
2021-01-22 16:18:13
Mustafo,ошолордун жарымы кайненесинин кыздары эле да, Кызыл алмадагы))))
+17
nazgul1905
2021-01-22 16:24:08
Тошогуно карап бутунду сун деген макал туура да Самара,билимине жараша жумуш карасан болмок,баары эле сага А[moderated] эмес да!!!
+18
Tatu_8889
2021-01-22 17:20:07
Акесине окшоп уйкусуз тундор отуптур,коздор киртейип.ар кимдин ашы алдында Самара,ансыз деле башка тараптан онуктуро бер,ошол жерге директор болбой туруп спонсор бол
+9
Zumrudianka
2021-01-22 18:34:13
Акча намысты деле жок кылып койот окшойт бай жашоону каалап чалга аяш атасына тийди, Сулайман тоого кызыкты эми бул. Дагы жакшы мугалимдер катуу турушту болбосо башы жетпесе да креслодо отуруп башкаруучу болууну каалады эле. Тообо кылдым байлык коздун чел кабыгын жаап алган окшойт. Самара элге обычный ырчы болуп деле жардамыны берсен болот созсуз директор болуп эмес
+10
Bolotbek9191
2021-01-22 21:15:49
Самара чынында элге олкого жардам бергин келсе директор болбой эле жардам берсен болот эл Корсун дебей акыретке деп жардам Бер акыретте пайдасы сообу тиет эл жаамат кабыл албаса кандай отурасын ал жакта
+11
gulya583
2021-01-23 00:16:03
Тооба кылдым, бирок ажап кылышыптыр мугалимдер. Сутенер болсо, ошол жерден жаш кыздарды табам саунама деди окшойтта. Чон ###### келсе директорлукка, каяктан онутурот эле
+7
PeRa
2021-01-23 01:34:55
27 де мугалим болуп иштеп баштасаң, 40 та буюрса директорлукка жетишесиң. А[moderated] колдонсо, андан деле эрте жетип калышың мүмкүн.
-2
Rukush
2021-01-23 14:09:08
Чынында мээнетти кылып директор болсо анан сага эмне айдан тушкондой кылып эле кармата салышсынбы. Ар ким озу учун кыйын озу учун жакшы адам а бирок эл тараза делет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан