Кыргызстандык 6 балбан грек-рим күрөшү боюнча Бакуда өтүүчү "Алтын" баш байге мелдешине катышат

Кыргызстандык 6 балбан грек-рим күрөшү боюнча ноябрь айында Азербайжандын Баку шаарында өтүүчү "Алтын" баш байге мелдешине катышат. Бул тууралуу ага машыктыруучу Мейрамбек Ахметов билдирет. Маалымат боюнча, мелдешке Калыбек Жолчубеков, Атай Койчукулов, Руслан Царев, Жанарбек Кенжеев, Элдияр Бегалиев жана Мурат Рамонов катышат. Аталган балбандар буга чейинки грек-рим күрөшү боюнча баш байгелерде жана Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк универсиадада өз салмактарында мыкты он балбандын катарына кирип, "Алтын" баш байге мелдешине катышууга укук алышкан. Бул мелдеш бир жылда төрт ирет, анын экөө грек-рим күрөшүнүн балбандары арасында өтөт.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан