Кыргызстандык спортчу Бектур Чокоев 6-октябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште 3 медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын Жеңил атлетика федерациясы билдирет. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан 1998-2001-жылкы өспүрүмдөр катышты. Бектур Чокоев 100 жана 200 метр аралыкка чуркоодо эки күмүш медаль тагынса, 400 метр аралыкка болгон командалык эстафетада Кыргызстан жеңүүчү аталган. Ошондой эле аталган мелдеште эстафета боюнча кыздар арасында да Кыргызстан 1-орунду ээледи.