Эртең, 8-октябрь күнү кичи футбол боюнча Өлкө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет. Маалымат боюнча, быйыл аталган чемпиондук үчүн 7 команда ат салышат. Алар “Булат”, “Дордой”, “Жетиген”, “РСК-Налоговик”, “Ленин району”, “Дордой секьюрити” жана “Беловодск” командалары. Өлкө чемпиондугу “Дордой секьюрити” жана “Беловодск” клубдарынын беттеши менен башталат.