Бүгүн, 3-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 103 миллион 841 миң 974 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 57 миллион 623 миң 12 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 251 миң 491 (+14932) адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 26 миллион 430 миң 237 болду. 446 миң 731 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 766 миң 245 адамдан аныкталды. 154 миң 486 адам каза болсо, 10 миллион 448 миң 406 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.