7-октябрь күнү Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугу Топ-Лиганын алкагында кезектеги оюн болуп өттү. Анда Ош шаарынын “Алай” клубу менен Кант шаарынын “Абдыш-Ата” клубу кездешти. Беттеш Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо орун алып, беттеш 1:0 эсебинде, “Алайдын” пайдасына чечилди. Бул беттештен кийин “Алай” 18 оюнда 39 упай топтоп, 1-орунда келе жатат. 2-орунда “Дордой” 15 оюнда 33 упайы менен. Жалпы командалардын Топ-Лигадагы орду төмөндө:
1-4-орун үчүн ат салышып жаткан командалар:
1. "Алай" 18 оюнда 39 упай
2. "Дордой" 15 оюнда 33 упай
3. "Абдыш-Ата" 17 оюнда 31 упай
4. "Алга" 16 оюнда 26 упай
5-8-орунга ат салышып жаткан командалар:
5. "Нефтчи" 20 оюнда 30 упай
6. "Ала-Тоо" 17 оюнда 27 упай
7. "Ысык-Көл" 18 оюнда 7 упай
8. "Манас" 17 оюнда 3 упай