Дүйнөлүк бокс: Владимир Кличконун менеджери Александр Поветкиндин реванш алам деген оюн четке какты

Бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону украиналык Владимир Кличконун менеджери Бернд Бенте Александр Поветкиндин реванш алуу тууралуу оюн четке какты. Айтымында, 5-октябрда өткөн беттеште Владимир Кличко ишенимдүү жеңишке жеткенине байланыштуу реванш жөнүндө сөз козгоонун кажети жок. Ошондой эле менеджер Владимир Кличконун 2014-жылдын жаз айына чейин рингге чыкпай тураганын айтып өттү. Жаз айында Владимир Кличконун кезектеги атаандашын учурда ал ээлик кылып турган чемпиондук курлардын ээлери, бокс уюмдарынын бири тандамакчы. Учурда Владимир Кличко WBO (Дүйнөлүк бокс уюму), WBA (Дүйнөлүк бокс ассоциациясы) жана IBF (Эл аралык бокс федерациясынын) версиялары боюнча Дүйнө чемпиону. Эске салсак, 5-октябрда Владимир Кличко профессионалдык карьерасындагы 64-беттешин өткөрүп, анда орусиялык Александр Поветкиндин үстүнөн жеңишке жетти. Бул беттеште Кличко 61-жеңишине жетти. Алардын ичинен 51 беттешти нокаут менен уткан. Ал эми Александр Поветкин болсо 27 беттеш өткөрүп, биринчи ирет жеңилүү ызасын тартты. Аталган беттеште Владимир Кличконун гонорары 17 миллион Америка долларын түзсө, Александр Поветкиндин гонорары 6 миллионду түзгөнү айтылууда.       

      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nazario777
2013-10-08 13:22:18
кличконун жанында братишкасиго,,,атак красавчик Кличко,
0
kaRa-4aPan
2013-10-08 14:57:46
Кличкого озум чыкпасам болбойт окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан