Бишкекте Дзюдо боюнча федерациянын биринчи президенти Жыргалбек Сурабалдиевдин элесине арналган мелдеш өтөт

Бишкекте 9-10-октябрь күндөрү Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда ЖКнын мурдагы депутаты, КРнын Дзюдо федерациянын биринчи президенти, СССРдин спорт чебери жана КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз кызматы билдирет. Мелдешке Орусиядан, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана Кыргызстандын аймактарынан 18 жашка чейинки дзюдочулар чакырылды. Мелдештин расмий ачылышы 9-октябрь күнү 14:00дө болот. Эске салсак, Жыргалбек Сурабалдиев 2005-жылдын 10-июнь күнү кылмышкерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан