Испандык теннисчи Рафаэль Надаль эки жылдан соң кайрадан дүйнөлүк рейтингдин сап башына келди. 7-октябрь күнү жаңыланган рейтингде Надаль 2012-жылдын октябрь айынан бери сап башында келген сербиялык Новак Жокович менен орун алмашты. Акыркы жолу Рафаэль Надаль дүйнөлүк рейтингдин сап башына 2011-жылдын июнь айында чыккан. Ошондой эле алдынкы бештиктин катарын британиялык Энди Маррей, испандык Давид Феррер жана аргентиналык Хуан Мартин дель Потро толуктайт.