Талас. Облуста чочкодон башка малдын бардык түрүнүн саны жыл санап өсүүдө

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев Талас эли мал чарбачылыгы жактан жакшы ийгиликтерге жетише алганын билдирди. “2012-жылы былтыркы жылга караганда ири мүйүздүү малдын саны 102 пайызга, анын ичинен саан уйлардын саны 101,3 пайызга, кой-эчкилердин саны 105,7 пайызга, үй канаттуулары 101,2 пайызга, жылкылардын баш саны 101,4 пайызга жогорулаган. Бирок чочколорду кармоо кыйла төмөндөп, алардын былтыркыга караганда өсүшү 86,2 пайызды түздү”,- дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан