Бүгүн, 8-октябрь күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Топ-лиганын алкагында кезектеги оюн орун алды. Анда 1-4-орун үчүн ат салышып жаткан “Дордой” менен “Алга” клубдары беттешти. Анда 1:0 эсебинде “Алга” клубу жеңишке жетти. Беттештеги жалгыз голду Евгений Дорогинский киргизди. Бул оюндан кийинки жалпы командалардын Топ-лигадагы орду төмөндө:
1-4-орун үчүн ат салышып жаткан командалар:
1. "Алай" 18 оюнда 39 упай
2. "Дордой" 16 оюнда 33 упай
3. "Абдыш-Ата" 17 оюнда 31
4. "Алга" 17 оюнда 29 упай
5-8-орунга ат салышып жаткан командалар:
5. "Нефтчи" 20 оюнда 30 упай
6. "Ала-Тоо" 17 оюнда 27 упай
7. "Ысык-Көл" 18 оюнда 7 упай
8. "Манас" 17 оюнда 3 упай