Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстандын Чымкент шаарында 7-13-октябрь аралыгында өтүп жаткан баш байгеси 10 миң (Америка) доллар болгон мелдеште экинчи беттешин жеңди. Бул ирет Данияр мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө беларустук Антон Дубровду 6:1, 6:4 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. Эске салсак, буга чейин Данияр Дулдаев мелдештин жуптан ойноо бөлүгүндө орусиялык Фёдор Червяков менен бирге биринчи жеңишине жеткен болчу.