Бишкек шаардык ИИББи "Республика" саясий партиясынын мүчөсү Наргиза Ажибаевага издөө жарыялады

Бишкек шаардык ИИББи "каруселди" уюштурган" деп шектелип жаткан "Республика" саясий партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажибаеваны издеп жатышканын аталган ведомстводон билдиришти. Ошондой эле "партиянын штабында "каруселди" жашыруун камера менен тартып алган" деген шек менен Зарина Эсеналиева дагы изделүүдө. "Наргиза Ажибаева НТС телеканалына берген маегинде Башкы прокуратурага жана милицияга кайрыла тургандыгын айткан. Бирок эч бир укук коргоо органдарына кайрылган жок. НТС телеканалы болсо "бизге Наргиза Ажибаева 27-ноябрь күнү келип маек берген. Кайда кеткенин билбейбиз" деген жооп кайтарышты",- дешти Бишкек шаардык ИИББинен. Кошумчалай кетсек, Наргиза Ажибаеванын маеги НТС телеканалынан 28-ноябрь күнү көрсөтүлгөндөн кийин аталган телеканал "Наргиза Ажибаева маекти өзү даярдап, бизге жиберген" деген жоопту айткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан